Президенттик мөөнөт боюнча Конституциялык соттун чечими чыкты
Президенттик мөөнөт боюнча Конституциялык соттун чечими чыкты.
Сот билдиргендей, президент Башмыйзамдын 2010-жылдагы нормаларына ылайык алты жылдык мөөнөт менен иш алып барат. Демек мамлекет башчысы Садыр Жапаров 6 жыл өлкөнү толук башкарат. Жаңы 2021-жылдагы Башмыйзам мөөнөттү кыскартууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Жаңы мыйзам боюнча бул алты жылдык мөөнөт биринчи мөөнөт катары эсептелет жана учурдагы президенттин экинчи мөөнөткө шайланууга мүмкүнчүлүгү бар.
Конституциялык сот мөөнөтсүз шайлоону өлкө башчы качан отставкага кеткенде, жумушунан четтетилгенде, оорулуу же каза болгон учурда гана өткөрсө боло турганын баса белгиледи. Башка шартта президент өз мөөнөтүн толугу менен аткарат.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт жана Жогорку Кеңеш аны төрт ай мурда же 24-сентябрга чейин жарыялоого тийиш.
Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. Андан соң өлкө башчысы Конституциялык сотко кайрылды. Сот Жапаров кайрылуусунда президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Баш мыйзамдын жоболорун чечмелөөнү суранганын белигиледи. Буга удаа өлкө башчы сунуштама боюнча түшүндүрмө берген.
Бул арада ИИМ аталган топтун адамдары суракка алынып, 5 жаран кармалганын билдирди. Аларга үч берене боюнча кылмыш иши козголуп, 10-апрелге чейин камакка алынды.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү сунушу эмнеге алып келди? Бул шилтемеден окуңуз.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















