super.kg logo

Беш-Таш жаратылыш паркы тууралуу кызыктар

 

32 гектар аянтты ээлейт

Беш-Таш жаратылыш паркы – Талас шаарынан түштүктү карай 13 чакырым алыстыкта жайгашкан. Парк Беш-Таш дарыясын бойлой 30 чакырымга чейин созулат. 1996-жылы түзүлгөн. Алгач парктын ээлеген аянты 13 гектар болсо, кийин 19,5 гектарга чоңойтулган. Учурда аянты 32 гектарды ээлейт. Парктан өсүмдүктөрдүн 800 түрүн табууга болот. Алардын ичинде чанда кезигүүчү дарактардын 20, бадалдардын 40тай түрү бар. Кызыл карагай, карагай, пихта, кайың, кара жыгач, бай терек, терек, мажүрүм тал сыяктуулар өсөт. Ал жердеги өсүмдүктөрдүн 11 түрү Кызыл китепке киргизилген. Алардын ичинен персия четини, Семёнов пихтасы да кездешет. Жаныбар, канаттуулардан элик, түлкү, суусар, арс чычкан, чил, илбирс, сүлөөсүн, таз жору, ителги, балта жутар жана башкалар бар. Беш-Таш дарыясында форель кездешет. 2022-жылы паркка Алтай аймагынан 35 бугу-марал алынып келип коё берилген.

Аймакта 8 көл бар

Паркта тереңдиги 28 метр келген Беш-Таш көлүнөн тышкары, майда 7 көл орун алган. Учурда жайкы сезондо эс алганы ар аймактан туристтер барып турушат. Барган туристтердин саны да жыл өткөн сайын арбып барат.

Аталышы уламыш боюнча...

Парктын аталышына келсек, илгери бир үй-бүлөнүн 5 баласы болот. Алар ата-энесин укпай ээн баш чоңоюшат. Чоңойгондо карыган ата-энесин таштап үйлөрүнөн качып кетишип, ата-энеси балдарын издеп таппай убара тартышат. Бул аралыкта эл ичинде алыс эмес жерде, тоодо өткөн-кеткендерди тоногон каракчылардын пайда болгондугу тууралуу маалымат тарайт. Алар улуу, кичүү, соо, оорукчан дебей баарын тоношот. Бир ирет бирөөлөр чал-кемпирге келип, “каракчылар силердин балдарыңар болушу мүмкүн” деп айтышат. Муну уккан кемпир-чал алгач ишене беришпейт. “Кантип эле биз каракчыларды өстүрүп калалы?” дешет. Ошентсе да тигилердин айтканын текшерүү үчүн жолго чыгышат. Узак жол жүрүшүп, аскалуу жерге жеткенде бир таман жолдо аларды бирөө карактамак болот. Ал карыяны урмак болгондо кемпир анын кулагындагы меңинен өз уулу экенин таанып калат. “Меңдибек, өз атаңа кол көтөрбө! Каргышка каласың!” деп кыйкырат. Тигил адам бир азга дендароо турат да, анан качып жөнөйт. Артынан зили кайнап, арманы түтөгөн карыя “Сен, балам, атаңа кол көтөрдүң! Сени да, калган бир туугандарыңды да каргыш урсун!” деп кыйкырат. Бул сөздү угар менен бир туугандар ар жакка качып жөнөшөт. Бирок аттарына жетпей ташка айланып катып калышкан деп айтылат уламышта. Ошондон тарта аймак Беш-Таш аталып калат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: