super.kg logo

Кубада күйүүчү майдын тартыштыгынан таштандылар чыгарылбай жатат

 

Кубанын борбору Гавана шаарындагы айрым райондордо күйүүчү майдын тартыштыгынан таштандылар чыгарылбай жатат. Бул АКШнын Венесуэла жана Мексикадан Кубага мунай ташуусуна бөгөт койгон санкциялардын кесепетинен экенин чет элдик басылмалар жазышты.

Cubadebate басылмасы жазгандай, күйүүчү май тартыштыгынан улам Гаванада 106 таштанды ташуучу унаанын болгону 44ү гана иштеп жатат. Жергиликтүү тургундар социалдык тармактарда таштанды көбөйүп жатканын айтып, ден соолукка коркунуч жаралышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

30-январда АКШнын президенти Дональд Трамп Кубага мунай жеткирген өлкөлөрдөн келген товарларга бажы төлөмдөрүн киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: