Маданият министри Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кван Жэ менен жолугушту
Бүгүн, 17-февралда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түштүк Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кван Жэ мырза менен расмий жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана жаштар саясаты чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүнү, биргелешкен маданий жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
Айрыкча:
• музей ишин өнүктүрүү жана маданий мурастарды сактоо
• эки өлкөнүн чыгармачыл мекемелеринин ортосундагы алмашуу программаларын кеңейтүү
• санариптик маданий долбоорлорду ишке ашыруу, биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштуруу
• жаштарга багытталган инновациялык программаларды өнүктүрүү
Министр Мамбеталиев кореялык делегацияны 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын VI сезонуна, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган иш-чараларга активдүү катышууга чакырды. Бул эки өлкөнүн маданий жана гуманитардык байланыштарын чыңдоого чоң салым кошору белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-корея маданий-гуманитардык кызматташтыгын бекемдөөгө жана кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин расмий түрдө ырасташты. Мындан тышкары биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, маданий алмашууну кеңейтүү жана жаштардын катышуусун арттыруу боюнча тыгыз кызматташууга макулдашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:22
2026-02-17
18:55
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















