Ош шаарынын мэриясы шаардык өнүгүү боюнча жыйынтык чыгарды
Бүгүн Ош шаарында 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана шаардагы мекеме-ишканалардын, айылдык жана муниципалдык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, аткарылган иштер жана 2026-жылга карата пландар талкууланды.
Экономикалык көрсөткүчтөр:
- Өнөр жай продукциясынын көлөмү: 13 миллиард сом, физикалык көлөмдүн индекси 127%
- Ош шаарынын бюджети: киреше бөлүгү менен 9,7 миллиард сом
- Муниципалдык базарларга инвестиция: 3 миллиард сомдон ашык, жалпы соода орундары: 7 500
Капиталдык курулуш жана инфраструктура:
- Социалдык жана коммуналдык объекттерге бөлүнгөн каражат: 1,8 миллиард сом
- Жолдор жана тротуарлар: 81 көчө, жалпы узундугу 106 чакырым жол, 25 чакырым тротуар асфальтталып жасалды
- Турукташтыруу фондунан жана президенттик каражаттардан 2,2 миллиард сом бөлүнүп, 8 негизги көчө жана тротуарлар курулду
- Жалпы Ош шаарына бөлүнгөн каражат: 6,6 миллиард сом
Турак жай жана ипотека:
- Ипотекалык жана үлүштүк курулуш программаларынын алкагында 302 үй-бүлө турак жайга ээ болду
- «Эне-Сай» турак жай комплекси курулуп жатат, долбоордун жалпы баасы: 26 миллиард сом, учурда 106 турак үй пайдаланууга берилген, жалпы пландалган турак үйлөр: 580
Суутарма жана экология:
- Суутарма боюнча: 21 миң куб метрлик суу кампасы, 14 скважинадан суу таркатылууда
- Таштандыларды утилдештирүү жана электр энергиясын өндүрүү долбоору башталды, инвестициянын көлөмү: 95 миллион АКШ доллары
- 10 жаңы парк жана сквер курулуп, борбордук аянттар жана эс алуу жайлары жаңыртылды
- Шаарда 4 жаңы эстелик орнотулду
Социалдык тармак:
- Муниципалдык жатакана (45 бөлмө) жана түнкү башпаанек (50 орун) ачылды
- 9 мектеп, 9 бала бакча жаңыртылды, 7 спорт жана 2 маданий объект курулду
- Ак-Тилек кичи районунда 300 орундуу клиникалык оорукананын кошумча имараты курулуп жатат (90% бүткөрүлдү), бүтүрүү: 2026-жылдын март айы
Жыйындын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн «эң жакшы» деп баалап, шаарды өзгөрткөн долбоорлордун ийгиликтүү аткарылышын белгиледи. Ал ошондой эле:
- Ош шаарынын Башкы планын тез арада иштеп чыгуу жана бекитүү
- Жергиликтүү бюджеттин киреше базасын кеңейтүү
- Инфраструктуралык долбоорлорду сапаттуу жана мөөнөтүндө ишке ашыруу
- Туризм жаатында инвестицияларды киргизүү
— боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















