Тажикстан Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали Марлен Маматалиевди куттуктады
Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Рустами Эмомали жолдогон телеграммасында төраганын жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалап, эки парламенттин ортосундагы конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө чакырды.
Ал ошондой эле эки өлкө ортосундагы жакын коңшулук жана өз ара түшүнүшүү мамилелерин чыңдоого чоң салым кошоруна ишенерин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















