Тажикстан парламенти “жакты” жана комментарийлер үчүн жоопкерчиликти жоюуну колдоду
Тажикстанда социалдык тармактарда экстремисттик же террордук мүнөздөгү материалдарга “жакты” белгисин баскан же тараткан 405 адам жоопкерчиликтен бошотулду. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Тажикистандык Башкы прокурор Хабибулло Вохидзода белгилегендей, өлкөдө терроризм жана экстремизм менен байланышкан кылмыштардын саны азайды. 2025-жылы мындай укук бузуулар 2024-жылга салыштырмалуу 23 пайызга (314 учурга) азайган.
Вохидзода бул нерсе президент Эмомали Рахмондун көрсөтмөсү менен “жакты” жана комментарийлер үчүн кылмыш иштерин козгобоо аракетинен кийин мүмкүн болгонун билдирди. Мындан тышкары эл арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн.
Тажикистан парламенти тарабынан кабыл алынган жана 2025-жылдын майында өлкө башчысы кол койгон мыйзамга ылайык, социалдык тармактардагы “жакты” жана репосттор үчүн жоопкерчилик толук жоюлду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















