Даниэл Ажиевге президент тарабынан ырайым берилип, абактан бошотулду
Вебкам студиялардын уюштуруучусу Даниел Ажиевге өлкө башчысы Садыр Жапаров ырайым берип, ал абактан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалым болгондой, Ажиевдин оорукчан балдары анын абактан чыгышына себеп болду.
Ал эми өткөн жылдын августунда УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев анын аялын жана балдарын кабыл алып, унаа жана батир белек кылган.
Эске салсак, УКМК 2023-жылы 5-июнда Даниэл Ажиев жетектеген көп сандагы вебкам-студиялар тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлаган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, Кыргызстанга өткөрүлгөн.
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Даниэл Ажиевдин мүлктөрү конфискацияланып мамлекеттин балансына өткөн. Мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















