super.kg logo

Алтын түстөгү сызыктар... Трамп президенттик учактарды өзүнө жаккан түскө боётот 

 

АКШнын президенти Дональд Трамп жеке учактарын өзүнүн сүйүктүү түстөрүнө боётот. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Андагы маалыматтарга ылайык, Катар тарабынан АКШга белекке берилген Боинг учагы жана президенттик учактар ​​катары иштелип жаткан эки учактын түстөрү өзгөрөт. Алар ак, көк, кызыл жана алтын түстөгү сызыктарга боёлору жазылган.

"Биз учактарды Американын желегиндеги түстөргө өзгөртөбүз. Бул абдан сонун болот",- деген Трамп жергиликтүү телеканалдарга маек берип жатып.

Белгилей кетсек, президенттик учактардын түстөрү 60 жылдан бери көк жана ак болуп келген. Дизайндын өзгөрүүсү эми президенттик жана административдик учактарга расмий талап болору айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: