super.kg logo
  Саясат  

"90 планшет берилет". Марлен Маматалиев парламентте кандай реформалар болорун айтты

 

Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште санариптештирүү жаатында реформалар жүргүзүлөрүн билдирди.

Анын айтымында, депутаттарга 90 планшет берилип, ага карала турган маалыматтар жүктөлүп турат.

"Сиздерге кагаздар менен материалдар келет. Ал эми ошол документтер сиздерге жума күнү берилеби, аларды ишемби, жекшемби күндөрү карай аласыздарбы, а дүйшөмбү күнү комитетте аны кантип талкуулай аласыздар деген маселелер жаралбайт...

Анткени сиздер үйдө же унаада болосуздарбы, ошол жерден эле материалдар менен таанышып, терең талдай аласыздар",- деди эл өкүлү.

Спикер ошондой эле коомдук кабылдамалар да онлайнга өтөрүн белгиледи. Ал аткаминерлердин бардыгын эле парламентке чакырта берүү жоюларын да кошумчалады.

"Келбей калган министрлерге онлайн аркылуу суроо берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт",- деп кошумчалады.

⚫️






Марлен Маматалиев парламентте кандай реформалар болорун айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: