Сулаймановдун ордуна парламентке Азизбек Абдуллаев депутат болуп барат
Бүгүн, 18-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Азизбек Абдуллаевге №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алынды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 17-февралда мандатын тапшырган Элдар Сулаймановдун ордуна Абдуллаев Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилет.
Сулайманов парламентте "Адилет Кыргызстан" депутаттык тобуна кирген. Ошондой эл ал Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгын аркалап жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:18
2026-02-18
15:03
2026-02-18
14:01
2026-02-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















