Депутат Мурас-Ордо конушундагы жасалма көлгө чөгүп өлгөн балдар тууралуу маселе көтөрдү (видео)
Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Карыбек уулу Биринчи Май районунун Мурас-Ордо конушундагы көйгөйлүү маселени көтөрдү.
Анын айтымында, аталган конуштагы жасалма көлдөр ал жердеги жашоочуларга ыңгайсыздык туудуруп, өспүрүмдөрдүн өлүмүнө чейин алып барууда.
"Биринчи Май районундагы Мурас-Ордо конушунда 18 жасалма көл бар. Ал жердеги көлдөр жашоочуларга коркунуч болууда. Биринчиден, коопсуздук маселеси, экинчиден, турак үйлөрү. Буга чейин сегиз бала ошол көлгө чөгүп өлдү. Дагы канча бала өлүш керек? Дагы деле сабак боло элек. Тийиштүү мекемелер буга байланыштуу иш алып барышсын.
Элестеткиле, сиздердин үйлөр ошол жерде, тегерегинин баары көл, үйлөрү сыз. Конуштун тегерегин көлчүк кылбай, көлдү койсун же элди койсун",- деди депутат.
Мурас-Ордо конушу тууралуу
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















