Жогорку Кеңеште жаңы депутаттар ант беришти

18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы шайланган депутаттар расмий түрдө ант беришти.
Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдиргендей, БШК №13 көп мандаттуу округу боюнча кайра шайлоону дайындоо тууралуу мурдагы токтомун кайра карап чыккан. Натыйжада талапкерлер Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова Жогорку Кеңештин депутаттары болуп шайланды деп таанылган.
Бул чечимди Жогорку соту күчүндө калтырды.
№5 округ боюнча өзгөрүү
Мындан тышкары, №5 шайлоо округу боюнча шайланган депутат Эльдар Сулайманов ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырган. Анын ордуна кийинки талапкер катары Азизбек Абдуллаев депутат болуп келди.
БШК төрагасы жаңы депутаттарга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшыргандан кийин, алар ант беришти.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламент эми толук курамда ишин улантарын белгиледи.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















