Парламент Урматбек Шамыркановдун министрликке талапкерлигин колдоду
Жогорку Кеңеш бүгүн, 18-февралдагы жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри кызматына Урматбек Шамыркановдун талапкерлигин жактырды.
Анын талапкерлигин жыйында президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Депутаттар Шамыркановдун талапкерлигин талкуусуз колдошту. Эми тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол коюшу керек.
Белгилей кетсек, Шамырканов 16-февралда өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Буга чейин ал ӨКМ башчысынын орун басары кызматын аркалаган.
Урматбек Шамыркановдун өмүр баяны
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:18
2026-02-18
15:03
2026-02-18
14:01
2026-02-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















