super.kg logo

УКМК өз кызматкерлерине каймана аттарды береби?

 

УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев атайын кызматтын өкүлдөрүнө коюлган каймана аттар тууралуу журналисттерге комментарий берди.

Ал кызматкерлерге УКМК тарабынан лакап аттар берилбей турганын айтты.

"Каймана аттарды эл коюп жатса керек, биз койгон жокпуз. Бизде андай маалымат жок. УКМКда ар кимдин мыйзам чегинде өзүнүн орду, чини бар. УКМКда эч кандай топтор кызмат өтөбөйт жана өтөбөшү керек",- деди Эрбаев.

Айта кетсек, социалдык тармактарда "Эдунун кырк чоросу" деп аталган топ тууралуу маалыматтар тароодо. Анда топтогу адамдардын лакап аттары жана сүрөттөрү көрсөтүлөт. "Пито", "Вазелин", "Капчык", "Пахта", "Сүмбүл ага", "Лизун" жана башка каймана аттар тизмектелген. "Пито" жемкорлукка шектелип кармалып, камакка алынды.

Маалыматтарда аталган топтун адамдары УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын камакка алынган башчысы Элдар Жакыпбековдун кишилери экени айталууда.









УКМК кызматкерлерине каймана аттарды береби?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: