Таразда аялдамада турган 13 жаштагы кызды бейтааныш эки жигит уурдап кете жаздады (видео)
Казакстандын Тараз шаарында белгисиз эркектер 13 жаштагы кызды унаага салып уурдап кетүүнү көздөп, алардын аракети ишке ашпай калды. Бул тууралуу Казак басылмалары жазышууда.
Маалым болгондой, окуя 16-февралда коомдук аялдаманын жанында болгон жана көзөмөл камерасына түшүп калган. Шектүүлөргө окуя болгон жерден өтүп бара жаткан эркек киши тоскоолдук кылып, кызды куткарып калган. Ал эми уурдап кетүүнү көздөгөн эки жигит качып кеткен.
Интернет желесине видео тарады. Анда өспүрүмдүн атасы окуянын көзөмөл камерасына түшүп калаган жерин тапканын айтып, окуяны сүрөттөп жатканын угууга болот.
Полициянын маалыматына ылайык, шектүүлөр изи сууй электе аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки тергөө иши башталды.
Таразда аялдамада турган 13 жаштагы кызды бейтааныш эки жигит уурдап кете жаздады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:04
2026-02-18
22:48
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















