Владимир Зеленский Александр Лукашенкого каршы санкция киргизди
Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларусь президенти Александр Лукашенкого каршы жаңы санкция киргизди. Бул тууралуу 18-февралда Владимир Зеленский Телеграм каналы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын экинчи жарымында Орусия Беларусь аймагына сокку уруучу дрондорду башкаруу үчүн атайын ретрансляторлор системин жайгаштырган. Бул орус армиясына Украинанын түндүк облустарына сокку урууга мүмкүнчүлүк берген.
"Айрым соккуларды, айрыкча биздин аймактардагы энергетикалык объекттерге жана темир жолдорго жасалган чабуулдарды, Беларустун мындай жардамысыз орусиялыктар ишке ашыра алмак эмес. Беларустагы 3 миңден ашуун ишкана Орусиянын согушуна кызмат кылып, техника, жабдуулар жана өзгөчө маанилүү деп эсептелген компоненттерди жеткирип жатат. Анын ичинде ракета өндүрүү үчүн керектүү бөлүктөр да бар",- деп жазды Зеленский.
Ошондой эле Зеленский Беларусь аймагында орто аралыктагы "Орешник" ракеталарын жайгаштыруу үчүн инфраструктура түзүлүп жатканын белгилеп, бул Украинага гана эмес, Европа өлкөлөрүнө да коркунуч жаратарын билдирди.
Ал Украина эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте санкциялар глобалдык таасирге ээ болушу үчүн иш алып барарын кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















