Талант Мамытов спикерликке Маматалиевдин шайланышына тиешеси болгонун кыйытты
Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов парламент төрагасы Марлен Маматалиевдин кызматка шайланышына тиешеси болгонун кыйытты.
"Сиз жаңы төрага болуп шайландыңыз. Негизи сизди ушул кызматка колдогон адамдардын бири менмин. Сиздин ишиңизге ийгилик каалайм",- деди ал.
Айта кетсек, Маматалиев спикер болуп шайланган учурда Мамытов депутат боло элек болчу. Тагыраагы, Маматалиев 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын добуш берүүсү менен парламент төрагалыгына шайланган. Мамытов бүгүн депутат катары ант берди.
Талант Мамытов спикерликке Маматалиевдин шайланышына тиешеси болгонун кыйытты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:18
2026-02-18
15:03
2026-02-18
14:01
2026-02-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















