Ала-Арча жаратылыш паркынын кирешеси 5 жылда тогуз эсе өстү
Ала-Арча жаратылыш паркынын кирешеси 5 жылдын ичинде 9 эсеге өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган паркта асма жолдун ачылыш аземинде билдирди.Өлкө башчынын айтымында, 2020-жылы парктын кирешеси 29 миллион сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 262 миллион сомдон ашкан. Мындай көрсөткүч киреше дээрлик 9 эсе өскөнүн ырастайт.
"Акыркы жылдары бардык мекеме-уюмдар толугу менен санариптештирүүгө өткөрүлгөнүн билесиздер. Бүгүнкү күндө ушул сыяктуу мамлекеттик мекемелерде накталай акча кабыл алынбайт, төлөмдөр электрондук форматта жүргүзүлөт. Бул чечимдер ачык-айкындуулукту камсыздап, адам факторун азайтып, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга бекем негиз түздү.
Максатыбыз - өлкөбүздүн туристтик потенциалын толук пайдалануу жана Кыргызстанды тоо туризми жаатында дүйнөгө таанытуу! Бул багытта Ала-Арчада, Ысык-Көлдө, дегеле Кыргызстандын бардык аймактарында заманбап туристтик инфратүзүм түзүү боюнча иштер мындан ары да улантылат",- деди Жапаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















