"Эмнеге начар мамиле көрсөтөбүз?". Депутат этникалык кыргыздардын маселесин айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев айрым мамлекеттик кызматкерлердин этникалык кыргыз жарандарына жасап жатканын мамилесине нааразычылыгын айтты. Ал 18-февралдагы парламенттин жыйынында сөз сүйлөп жатып, тийиштүү мекемелерди бул жагдайга көңүл бурууга чакырды.
"Этникалык кыргыздар - Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок, улуту кыргыз адамдар. Айтор, бир кан, бир улут, бир өлкө. Анда эмне себептен биз аларга душмандарга көрсөткөн мамиледен дагы начар мамиле көрсөтөбүз?
2021-жылы Тажикстандан, Өзбекстандан миңдеген жарандарыбыз куугунтукка дуушар болуп, өз тарыхый өлкөсүнөн коргоону издеп, туруктуу, эркин жашоо-турмушка үмүттөнүп, аргасыздан көчүп келишкен. Мыйзамда дагы так, даана жазылып турат, аларга Кыргыз жарандыгын, кайрылман статусун алууда жеңилдиктер берилиши керек",- дейт депутат.
Айтиев мамлекеттик тейлөө кызматын көрсөткөн адистерге кайрылып, бардык жарандарга, анын улутуна, статусуна, аймактык бөлүнүшүнө карабай бирдей мамиле кылууга чакырды.
"Мамлекет алдыңарга так, данаа тапшырма койгон. Аны так аткаргыла",- деп кошумчалады.
Эл өкүлү президенттин, өкмөттүн парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылып, айрым мамлекеттик кызматкерлердин этикасына көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, бул жатта тийиштүү тапшырма берүүнү суранды.
Депутат этникалык кыргыздардын маселесин айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















