super.kg logo

Ала-Арчадагы асма жолдун курулушунун экинчи этабы башталат

 

Бүгүн, 18-февралда өлкө башчы Садыр Жапаров Ала-Арча жаратылыш паркына курулган асма жолдун ачылышында курулуш иштеринин экинчи баскычы башталарын билдирди.

Президенттин айтымында, анда асма жолдун узундугу 12 чакырымга жеткирилет.

"Узундугу 1 чакырымды түзгөн, саатына миңге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире ала турган бул асма жол - Ала-Арчага келген жарандар жана чет өлкөлүк меймандар үчүн жаңы шарт, жаңы мүмкүнчүлүк.

Аталган асма жол дүйнөгө белгилүү австриялык “Доппел майер” компаниясы тарабынан курулду. Учурда аталган компания Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” ири тоо-лыжа комплексинде да асма жолдорду салып жатат. Бул деген Кыргызстанда тоо туризмин системдүү, сапаттуу жана заман талабына ылайык өнүктүрүү жүрүп жаткандыгынын айкын далили.
Биз бул асма жолду узартуунун экинчи этабы аркылуу Ала-Арчаны комплекстүү өнүктүрүүнү улантабыз. Экинчи этап көзөмөл-өткөрмө пунктунан башталып, жалпысы 12 чакырым аралыкты камтып, улуттук парктын эң кооз жана жетүүгө кыйын болгон аймактарына чейин барат. Бул долбоор ишке ашканда, жалпы элибиз да, чет өлкөлүк туристтер да кыргыз тоолорунун ажайып жаратылышын, кайталангыс кооздугун өз көзү менен көрүп, Кыргызстанды жаңы өңүттөн таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Албетте, бул аракеттер өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Бүгүнкү күндө Ала-Арча жаратылыш паркында бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Асма жол менен катар, бул жерде бардык шарттары каралган заманбап коттедждер курулуп, пайдаланууга берилүүдө.
Ошону менен бирге, учурда заманбап родельбан курулуп жатканын да уктуңуздар. Мындан тышкары, бассейни менен заманбап беш жылдыздуу мейманкананы пайдаланууга берүү да мерчемделүүдө",- деп таратты мамлекет башчынын сөзүн анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: