Бишкекте заманбап акылдуу прожекторлор орнотулууда
Бишкек шаарынын мэриясы калаада заманбап жарыктандыруу технологиялары ишке киргизилип жатканын билдирди.
Маалымдалгандай, "Бишкек Парк" соода-оюн-зоок борборунун жанына архитектуралык жарыктандырууну, энергия үнөмдөөнү жана санариптик инфраструктураны айкалыштырган инновациялык акылдуу прожекторлор орнотулуп баштаган.
"Бүгүнкү күнгө чейин 8 көчөгө жарыктандыруу мамысы жана 8 прожектор орнотулган. Жаңы жабдуулар заманбап систем менен камсыздалып, кошумча кызматтарды көрсөтүүгө ылайыкталган. Прожекторлор күн панелдери, шамал генераторлор жана борборлоштурулган электр тармагы аркылуу иштеп, энергияны үнөмдөөнү жана автономдуу иштөөнү камсыз кылат.
"Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын адистери Wi-Fi тармагын туташтырып, жасалма интеллект элементтери бар видеокөзөмөл камераларын орнотушууда",- деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















