super.kg logo

WhatsApp колдонмосуна жакында чоң өзгөрүүлөр киргизилет 

 

WhatsApp мессенжерине жакында чоң өзгөрүүлөр киргизилери айтылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматтар боюнча, учурда жаңыртуу иштелип чыгууда, бирок коомдук тестирлөө үчүн азырынча жеткиликтүү эмес.

Айтылган өзгөрүүлөр ишке киргизилгенден кийин, колдонуучулар колдонуп жаткан техника каражатына карабастан браузер аркылуу топтук чалууларга кошула алышат. Мындан тышкары, сүрөт, видео жөнөтүүдө дагы өзгөртүүлөр киргизилет.

Ошондой эле WhatsApp топтук чалуу үчүн катышуучулардын чегин 32ге чейин көбөйтүүнү карап жатканы айтылды. Бул акырындык менен ишке кирет, алгач 8 адамга андан кийин 16 адамга көтөрүлөт. WhatsApp колдонуучулардын коопсуздугуна тийиш болгон маселелерди да карап жатканы кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: