super.kg logo

2026-жылкы Олимпиаданын акыркы күндөрү SAIMA + O!TV менен түз эфирде!

 

Учурда Италияда XXV Кышкы Олимпиада оюндары өтүп жатат. Кыргызстандан келген күйөрмандар бул чоң окуяны SAIMA + O!TV менен бирге көрө алышат.

SAIMA+O!TV жогорку ылдамдыктагы үй интернети жана интерактивдүү телевидениеси «УТРК Спорт» каналынан түз эфирлерди гана көрүүгө мүмкүнчүлүк бербестен, эфирлердин архивине кайтып, каалаган учурларды кайра көрүүгө, жазууларды башкарууга, тындырууга жана жарнаманы артка жылдырууга мүмкүндүк берет.

Актуалдуу тарифтик пландар

  • «Saima 500 + O!TV»: 500 Мбит/сек чейинки ылдамдык, 5 онлайн-кинотеатрга (ETNOMEDIA, START, WINK, PREMIER жана «О!Кино») жеткиликтүүлүк жана жаңы муундагы интерактивдүү ТВ айына 1280 сомго;
  • «Saima 300 + O!TV»: Ылдамдыгы 300 Мбит/сек чейин, 5 онлайн-кинотеатрга (ETNOMEDIA, START, WINK, PREMIER жана «О!Кино») жеткиликтүүлүк жана жаңы муундун интерактивдүү ТВсы айына болгону 1080 сомго.

Бардык жаңы абоненттер үчүн гигабиттик Wi-Fi роутери жана ТВ-приставка кызматтарды пайдаланган мезгилге акысыз берилет (жоопкерчиликтүү сактоого).

Олимпиаданын аягында эмнени көрүүгө болот?

Оюндар өзүнүн туу чокусуна жетип баратат. Эфирди көрүүгө арзырлык негизги интригалар мына ушулар:

  1. Хоккей плей-оффу: 17-февралда чечүүчү тайпалык беттештер башталды, ал эми 22-февралда саат 15:10до укмуштуудай финал болот. Бул 12 жылдан берки НХЛдин бардык жылдыздары катышкан биринчи Олимпиада, ошондуктан кумарлануу чектен чыгат.
  2. Ски-альпинизм дебюту: 19-февралдан 21-февралга чейин Бормио трассаларында тарыхый окуя орун алат – Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи жолу Ски-альпинизм боюнча медалдар ойнотулат. Бул тоого лыжа менен жарышуу жана ылдам түшүүнүн укмуштуудай айкалышы.
  3. Фигуралык муз тебүү жана Биатлон: Олимпиаданын акыркы күндөрүндө салт боюнча эң эстетикалык жана драмалык дисциплиналар боюнча медалдар ойнотулат, анын ичинде эркин программалар жана массалык старттар.

Кошулууга кантип арыз калтырса болот?

22-февралда Оюндардын жабылышын өткөрүп жибербеңиз! Saima Telecomго каалаган ыкма менен кошулсаңыз болот:

  • Онлайн шилтемелер аркылуу: Saima 500 + O!TV жана Saima 300 + O!TV;
  • WhatsApp/Telegram аркылуу 0 708 909 000 номерине жазып;
  • «Мой О!» тиркемесинде, Saima Telecom бөлүмүндө;
  • Башкы кеңседе (Шабдан Баатыр көчөсү, 1/3) же каалаган O!Store дүкөнүндө.

«Saima 300 + O!TV», «Saima 300 +», «Saima 500 + O!TV» жана «Saima 500 +» тарифтери жеке жактар ​​үчүн, жаңы жана учурдагы абоненттер үчүн кошулууга жеткиликтүү. ТВ-приставка жана Wi-Fi роутери КР жарандарына гана жоопкерчиликтүү сактоого берилет. Товар сертификатталган. 500 Мбит/сек тарифке кошулуу жеткиликтүү болгон райондорду компаниянын менеджерлеринен тактаңыз же күнү-түнү иштеген Call-Centerге чалыңыз.

КР МТжБМК алдындагы МБА №03-292-КР лицензиясы, 24.11.2003-ж. Маалымат 17.02.2026-ж. карата актуалдуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: