Ташиев менен 75 адамдын катында аты аталган айрымдардын сүрөтү тарады

Интернет желесине УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин кезексиз шайлоону өткөрүү боюнча бийликке кат жолдогон 75 адамдын айрым аксакалдары менен түшкөн сүрөтү жарыяланды. Ал жактан ИИМ жакында эле кармаган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаевди, мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашевди көрүүгө болот.
Алардын катарын Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев да толуктайт.
Сүрөт ким тарабынан жана качан тартылганы белгисиз.
Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. Андан соң өлкө башчысы Конституциялык сотко кайрылды. Сот Жапаров кайрылуусунда президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Баш мыйзамдын жоболорун чечмелөөнү суранганын белигиледи. Буга удаа өлкө башчы сунуштама боюнча түшүндүрмө берген.
Бул арада ИИМ аталган топтун адамдары суракка алынып, 5 жаран кармалганын билдирди. Аларга үч берене боюнча кылмыш иши козголуп, 10-апрелге чейин камакка алынды.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү сунушу эмнеге алып келди? Бул шилтемеден окуңуз.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















