Ленин районунда укук бузуулардын алдын алуу маселеси талкууланды
Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарынын мэриясы №105 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын жылдык отчёту боюнча конференция өттү. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, муниципалдык органдардын өкүлдөрү жана квартал башчылары катышты.
Конференцияда башкармалыктын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен укук коргоо түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташууну мындан ары бекемдөө маселелери талкууланды. Өзгөчө укук бузуулардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы чараларга көңүл бурулду.
Жыйынга Ленин райондук ИИБге караштуу ШМБ-1дин башчысы, милициянын подполковниги Артур Соодонбеков катышып, кылмыштуулуктун алдын алуу милициянын гана эмес, коомчулуктун да биргелешкен милдети экенин белгиледи. Ал үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, өспүрүмдөр жана мектеп окуучулары менен түшүндүрүү иштерин күчөтүү, ошондой эле шектүү көрүнүштөр тууралуу тиешелүү кызматтарга өз убагында кабар берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















