Бишкекте жаш акындардын айтышы өттү
17-февралда Кыргыз улуттук «Манас» театрында «Акжолтой менен Майра эне, Ак булак менен дайра эле» аттуу республикалык жаш акындардын айтышы өттү.
Айтыштын жүрүшүндө жаш акындар Майра Керим кызы менен уулу Акжолтойдун эл үчүн кылган ак кызматын, адамдык асыл сапаттарын, кийинки муунга калтырган өрнөктүү жолун көркөм саптар аркылуу даңазалашты.
Ошондой эле жаш акындар коомду ыйман-ызаатка, нарк-насилге үндөгөн мазмундуу айтыштары менен көрөрмандардын алкоосуна ээ болушту.
Жеңүүчүлөр кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жалпы байге фонду 200 000 сомду түздү.
Айтыштын жыйынтыгы боюнча байге алган акындар:
Баш байге — Аскар Аязбеков
1-орун — Нурболот Темир уулу
2-орун — Ырыскелди Калыбек уулу
3-орун — Айжамал Адылбек кызы
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















