“Мен чемпион” кышкы республикалык оюндары жыйынтыкталды
Балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында “Мен чемпион” аттуу кышкы республикалык оюндар өткөрүлдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештер 27–29-январь күндөрү Нарын шаарындагы Т. Токтосунов атындагы жабык муз аренасында, ал эми 11–13-февралда Каракол шаарындагы Каракол тоо чаңгы базасында уюштурулду.
Оюндар хоккей, тоо чаңгысы жана чаңгы жарышы дисциплиналары боюнча өтүп, Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын спорт мектептеринин тарбиялануучулары катышты. Жалпы байге фонду 1 800 000 сомду түздү.
Хоккей боюнча жыйынтык:
I орун – Нарын шаарынын Ала-Тоо БӨСМ (300 000 сом);
II орун – Бишкек шаары С. Жуманазаров атындагы ОРАБӨСМ (200 000 сом);
III орун – Ысык-Көл облусунун Түп райондук БӨСМ (100 000 сом).
Тоо чаңгысы (гигант слалом) боюнча жыйынтык:
I орун – Каракол шаардык БӨСМ (220 000 сом);
II орун – Нарын шаарынын Ала-Тоо БӨСМ (170 000 сом);
III орун – Чүй облусунун Спорттун кышкы жана оюн түрлөрү боюнча БӨСМ (110 000 сом);
IV орун – Каракол БӨСМ (50 000 сом);
V орун – Жалал-Абад облусунун О. Чопиев атындагы БӨСМ (50 000 сом).
Чаңгы жарыш жана аралаш эстафета боюнча жыйынтык:
I орун – Бишкек шаары С. Жуманазаров атындагы ОРАБӨСМ (200 000 сом);
II орун – Чүй облусунун Спорттун кышкы жана оюн түрлөрү боюнча БӨСМ (150 000 сом);
III орун – Нарын райондук БӨСМ (100 000 сом);
IV орун – Нарын шаарынын Ала-Тоо БӨСМ (50 000 сом);
V орун – Каракол БӨСМ (50 000 сом);
VI орун – Түп райондук БӨСМ (50 000 сом).
Аталган оюндар жаш спортчулардын чеберчилигин арттырып, аймактар аралык достукту жана сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түздү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















