ЖРТга катталуу үчүн керектүү документтер аталды
Илим министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-февралдан 2-апрелге чейин жүргүзүлөт.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева маалымат жыйында каттоодон өтүү үчүн керектелүүчү документтерди атады:
- Паспорт;
- Орто билим жөнүндөгү аттестат же орто билимди тастыктаган диплом (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
- ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция, азыр бул бардык электрондук капчыктарда жеткиликтүү);
- Талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт (акыркы 6 ай ичинде тартылган).
Белгилей кетсек, быйыл каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тест, ар бир предметтик тестке жана мамлекеттик тил боюнча милдеттүү тест үчүн 470 сомду түзөт.
ЖРТга катталуу үчүн керектүү документтер
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:24
2026-02-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















