Талантбек Солтобаев транспорт министри болуп дайындалды
Талантбек Солтобаев транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды. Президенттин администрациясы өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлык чыкканын билдирди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Талантбек Солтобаевди транспорт министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берген. Ал бул кызматка Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулгандан кийин келди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















