Бишкекте мектеп окуучуларынын катышуусунда массалык мушташ катталды (видео)
Бүгүн, 19-февралда Бишкек шаарындагы мектептердин биринде окуучулардын катышуусунда массалык мушташ катталды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы маалымдады.
Маалым болгондой, маалымат түшөрү менен жерине укук коргоо кызматкерлери барып, чыр-чатакты токтотту. Мушташка катышкан айрым окуучулар "Тез жардам" кызматы менен ооруканаларга текшерүүгө жеткирилди. Ал эми калгандары ата-энелери менен биргеликте тергөөгө камсыздалды.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.
Бишкекте мектеп окуучуларынын катышуусунда массалык мушташ катталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:37
2026-02-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















