Бүгүн Жогорку Кеңеште эмнелер болду?
Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңеште 1 депутат ант берсе, бири вице-спикерликтен кетти. Депутаттык топтордун лидерлери алмашып, комитеттерге жаңы жетекчилер келишти.
Парламенттин бүгүнкү отурумунда депутаттык мандан колуна тийген Таалайбек Сарыбашов ант берди. Ал Ош шаарынын мэри кызматына дайындалган Жанар Акаевдин ордуна келди.
Эл өкүлү Кундузбек Сулайманов өз каалоосу менен "Мекенчил" депутаттык тобунун лидерлигин тапшырып берип, жетекчиликти Талант Мамытов алды. "Ата-Журт" депутаттык тобу да лидерин алмаштырды. Тагыраагы, Нурланбек Азыгалиевдин ордуна Дастан Жумабеков болду. ал эми Жанар Акаев жетектеп келген "Ала-Тоо" депутаттык тобунун лидери болуп Талайбек Масабиров шайланды.
Ал арада жыйын учурунда депутат Карим Ханджеза парламенттин төрагасынын орун басарлык кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын жарыялады. Буга улай Болот Ибрагимов "Мекенчил" депутаттык тобуна мүчө болуп кошулду. Артынан эле анын талапкерлиги вице-спикерликке сунушталып, 53 эл өкүлүнүн колдоосу менен шайланып калды.
Бул жыйында Элвира Сурабалдиева да кызматка барды. Депутат айым көп добуш менен парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды. Депутат Бактыяр Калпаев болсо, Масабировдун "Ала-Тоо" депутаттык тобуна лидер болгонуна байланыштуу парламенттин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарылыгына шайланды.
Бүгүнкү отурумдан тышкары да депутаттарыбыз жаңылыктан кур калтырбады. Айтсак, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырганын билдирди. Көп узабай эле БШК аны мандатынан ажыратты. Эми Тургунбек уулунун ордуна ким келиши мүмкүн?
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















