super.kg logo

Google Gemini’де музыка жазган жасалма интеллектти ишке киргизди

 

Google өзүнүн Gemini платформасына жаңы музыкалык модель - Lyria 3’тү кошту. Жаңы мүмкүнчүлүк аркылуу нейротармак колдонуучунун суроосунун негизинде өз алдынча музыка чыгара алат. Бул үчүн маанайын, ыргакты же стилин тандоо жетиштүү. Мындан тышкары, систем ырдын текстин түзүп, ага ылайык обложка да жарата алат.

Даяр болгон композицияны, мисалы, YouTube Shorts үчүн фондук музыка катары колдонууга болот. Азырынча тректин узактыгы 30 секунд менен чектелүү, бирок компания бул башталышы гана экенин белгилеп, келечекте мүмкүнчүлүктөр кеңейерин ишарат кылууда. Иш жүзүндө Google чыгармачылык студияны, продюсерди жана чыгарманын айрым этаптарын алмаштыра алган куралды сунуштап жатат.

Ошол эле учурда, бул жаңылык угармандардын нааразычылыгы күчөп жаткан шартта жарыяланды. Көпчүлүк колдонуучулар стриминг платформалар жасалма интеллект жараткан музыканы улам көбүрөөк сунуштай баштаганына нааразы.

Швецияда жасалма интеллект жараткан ыр хит-параддын биринчи сабына чейин көтөрүлүп, коомдук талкуудан кийин рейтингден алынып салынган. Улуу Британияда ушуга окшош трек башка аткаруучунун үнүн плагиат кылганы үчүн өчүрүлгөн. Ал эми АКШда нейротармактар кантри, R&B жана христиан рок жанрларында да байкалып, чыныгы жашоодо жок, ойдон чыгарылган аткаруучулардын атынан чыгармалар пайда болгон. Мындан тышкары, ЖИ көп учурда автордук укук менен корголгон ырларды колдонуп, аларды өзүнүн эмгеги катары жашырып жатканы айтылууда.

Буга чейин Kursiv LifeStyle басылмасы Google акыркы жылдардагы эң ири жаңыртуулардын бири менен Chrome браузерин чыгарганын жазган. Андагы негизги жаңылык - жасалма интеллект орнотулган каптал панель. Ал браузердин ичинде эле суроо берүүгө, товарларды салыштырууга, сын-пикирлерди окууга, саякат пландаштырууга жана сайттар арасында өтпөстөн маалымат издөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле Chrome’до Nano Banana аттуу сүрөттөрдү оңдоочу редактор да пайда болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: