ӨКМ: Ысык-Көлдө көп балалуу кызматкерлерге жардам көрсөтүлдү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көлдөгү көп балалуу кызматкерлерине азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.Көмөктү ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын, райондук бөлүмдөрүнүн, өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн, токой кызматы жана республикалык атайын тоодон куткаруу кызматынын көп балалуу кызматкерлери алышты.
Иш-чарага министрдин орун басары Акылбек Мазарипов катышты.
Белгилей кетсек, ӨКМ жыл сайын Орозо жана Курман айт майрамдарында министрликтин көп балалуу кызматкерлерине жардам көрсөтүп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:11
2026-02-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















