Өкмөт минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салды
Кыргызстандан ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары минералдык жер семирткичтерди алып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды.
Өкмөттөн билдиргендей, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул чектөө экспорттолууга тийиш болгон, мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон жана сапатына карата белгиленген талаптарга ылайык келбеген минералдык жер семирткичтерге карата колдонулбайт.
Тиешелүү мамлекеттик органдарга минералдык жер семирткичтердин айрым түрлөрүн мыйзамсыз экспорттоого бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:11
2026-02-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















