super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: “Өкмөткө элдин ишеничи болмоюнча, экономиканы өнүктүрүп, жумуш орундары менен камсыз кыла албайбыз”

 

Бүгүн, 23-январда “Мамлекеттин коомчулук алдындагы отчёту жана жарандардын ачык башкарууга катышуусу” аттуу эл аралык конференцияда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “өкмөткө элдин ишеничи болмоюнча, экономиканы  өнүктүрүп, жумуш орундары менен камсыз кыла албайбыз” деп билдирди. 

Анын айтымында, өкмөт көпчүлүк министрликтерди аталган конференцияга катышууну айткан. "Биз үчүн коомдук институттардын пикири, жарандардын көз карашы маанилүү. Иш-чарага өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусу - жакшы жышаан. Катышуучулардан жана коомдук байкоочу кеңештен конкреттүү сунуштарды күтөбүз. Адамзат менен унутуу деген сөз айкалышып жүрөт тура. 2010-жылы элдин ишеними жок болгон учурда тектоникалык кадамдар жасалганын унутуп баратабыз. 3 жыл аралыгында коомдук институттар менен бирге иш алып баруу боюнча тажрыйба топтодук. Биз өкмөт коомдук байкоочу кеңеш жана өкмөттүк эмес уюмдардын көмөктөшкөнүнө муктажбыз”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: