super.kg logo

Ошто ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууга бөгөт коюлду (видео)

 
Ош шаарында ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматыны билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын облустагы кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы ооган тектүү кара куурай чайырын (гашиш) сатуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде 1995-жылы туулган С.О.Б. аттуу жарандын Дэу Нексия үлгүсүндөгү автоунаасынан 101 грамм кара куурай чайыры (гашиш) жана 155 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган. Андан ары 1989-жылы туулган Д.С.С. аттуу жарандын жашаган дарегинде тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 4 килограмм 600 грамм гашиш, 2 даана РГД-5 үлгүсүндөгү граната, белгисиз үлгүдөгү колго жасалган ок атуучу курал, 51 даана ок, 2 миң доллар жана 87 миң сом акча каражаты табылды. Иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу 1982-жылы туулган К.С.С. аттуу жаран экендиги аныкталып, ал жашаган үйдөн ооган тектүү гашиш (чарс) баңгизаты табылган. Кармалган жаран баңгилик кылмыштарды жасагандыгы үчүн чет мамлекеттер тарабынан бир нече жолу соттолгондугу аныкталган.
Шектүүлөрдүн үчөө тең кармалды. Алынган акча каражаты, баңгизаттар жанан куралдар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.





Ошто өтө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: