Америкалык актёр Эрик Дэйн 53 жашында каза болду
Белгилүү америкалык актёр, "Кумар анатомиясы” жана “Эйфория” сериалдарынын жылдызы Эрик Дэйн 53 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери актёрдун жакындарына таянып жазышууда.
Анда кабарлангандай, 2025-жылдын апрелинде Дейн ага амиотрофиялык каптал склероз, башкача айтканда, Лу Гериг оорусу диагнозу коюлганын коомчулукка билдирген. Бул нерв системин жабыркаткан айыкпас дарт.
"Эрик Дэйн бейшемби күнү түштөн кийин көз жумду. Ал акыркы күндөрүн жакын досторунун, жубайынын жана анын дүйнөсүнүн борбору болгон эки сулуу кызы Билли менен Жоржиянын курчоосунда өткөрдү",- деген актёрдун өкүлү.
Эрик Дэйн “Кумар анатомиясы” сериалында доктор Марк Слоандын, ал эми “Эйфорияда” Кэл Жейкобстун ролдору менен белгилүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:59
2026-02-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















