super.kg logo

Эпштейндин мураскери 40ка жакын жабырлануучуга компенсация төлөп берүүгө даяр

 

Америкалык чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейндин мыйзамдуу мураскери анын кордугуна кабылган 40ка жакын жабырлануучуга 35 миллион долларга чейин компенсация төлөп берүүгө макулдугун билдирген. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.

Андагы маалыматта Эпштейндин мыйзамдуу мураскери анын курмандыктары менен келишимге келе элек экени жазылган. Мураскер доо арыздарды чечүү үчүн 35 миллион долларга чейин төлөп берүүгө макул экенин билдирген.

Учурда Нью-Йорктогу сот тарабынан кеминде 40 аялдан турган топтун арыздары каралууда.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.

Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: