Улукбек Карыбек уулу эң активдүү депутат экенин айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу "Биринчи радиого" курган маегинде эң активдүү эл өкүлдөрүнүн бири экенин айтты.
Ал парламенттин аппарат кызматкерлери да депутаттар менен жолугушуу үчүн келгендердин эң көбү ага экенин айтышканын белгиледи.
"Менин округумдагы эң активдүү депутатмын деп ойлойм. Ошол эле кезде жалпы 90 эл өкүлүнүн ичинде алдыңкы, эл менен эң активдүү иштеп жаткандардын катарындамын десем жаңылбайм. Депутат болгондон бери мага 150гө жакын кат түштү.
Анан ошол аппараттагы кызматкерлер дагы "келген каттардн көбү сизге келет, келген жарандардын көбү сиз менен жолугууну калаайт" деп айтышат. Муну менен мен чоң жоопкерчиликти сезип жатам",- деди Карыбек уулу.
Эл өкүлү ошондой эле өлкөнүн бардык аймагынан келгендерди кабыл алууга даяр экенин кошумчалады.
Улукбек Карыбек уулу эң активдүү депутат экенин айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















