Кытай Жаңы жылды роботтор жана дрондор менен майрамдады (видео)
Кытайдагы эң маанилүү жана узак майрамдардын бири болгон Кытай Жаңы жылы чоң салтанат менен белгиленди. Өлкөдө Жаңы жылга карата шаарлар кооздолуп, жарык шоулор, фейерверктер жана дрондордун көрсөтүүлөрү уюштурулду. Майрамдын өзгөчө бөлүгү башкы жаңы жылдык гала-концерт болду. Бул жолу сахнага гуманоид роботтор чыгып, жаш спорт чеберлери менен бирге кунг-фу өнөрүн көрсөтүштү. Роботтор кылыч жана таяктарды колдонуп, татаал кыймылдарды так жана бир убакта жасашты. Бул шоу көрүүчүлөрдү өзгөчө таң калтырды.
Майрам кытайдын календары боюнча "Оттуу Жылкы жылын" белгилөө менен 17-февралдан 23-февралга чейин созулат. Ар бир жыл 12 жаныбардын бирине жана беш элементтин бирине жыгач, от, жер, металл же суунун айкалышы менен аныкталат. Мындай айкалыштардын толук цикли ар бир 60 жылда кайталанат. Бул жылы кирип келген "Оттуу Жылкы жылы" күч-кубатты, энергияны жана максатка умтулунуу билдирет.
Майрамдын алдында кытай эли эски ийгиликсиздиктерден арылып, береке чакыруу үчүн үйүн тазалашып, үй-бүлөлүк дасторконго чогулушат. Салт боюнча, чет өлкөдө иштеп жүргөндөр да бул күнү үйүнө кайтып келишет. Дасторконго сөзсүз молчулуктун белгиси болгон балык. Үй-бүлөнүн биримдигин, жана ынтымагын билдирген бүтүндөй бышырылган тоок. Узак өмүрдүн символу болгон узун кесме. Байлык жана гүлдөп-өсүүнүн белгиси болгон цзяоцзы пельмени. Ийгиликтин символу болгон Няньгао күрүч токочу коюлат.
Ошондой эле, үйлөр кызыл түстөгү жасалгалар жана шамдар менен кооздолот. 15 күнгө созулган майрам фонарь фестивалы менен жыйынтыкталат. Анда театрлашкан жүрүштөр, ажыдаар жана арстан бийлери көрсөтүлөт.
Кытай Жаңы жылды роботтор жана дрондор менен майрамдады
Кытай Жаңы жылды роботтор жана дрондор менен майрамдады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















