Үч министр алмашып, Ошко жаңы мэр барды. Бир аптадагы кадрдык алмашуулар
Кыргызстанда бир жума ичинде (16-февралдан 20-февралга чейин) мамлекеттик кызматтарда бир нече кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Алсак, үч министрликтин жетекчилери алмашып, Ош шаарына жаңы мэр барды. Буга удаа Жогорку Кеңеште айрым эл өкүлдөрү депутаттык мандатын тапшырса, парламентке жаңы келген депутаттар ант беришти.
Үч министрликтин жетекчилери алмашты
Апта башында Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулганы кабарланып, министрдин милдетин аткаруу Талантбек Солтобаевге жүктөлдү. Көп өтпөй Жогорку Кеңеш Солтобаевдин талапкерлигин карап, колдоп берди. Буга улай аны министр кызматына дайындоо тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
16-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кызматынан бошотулду. Ал бул министрликти 2020-жылдан бери жетектеп келген. Ошол эле күнү президенттин тиешелүү тескемесине ылайык, анын ордуна Урматбек Шамырканов дайындалды. Парламенттин 18-февралдагы жыйынында Шамыркановдун министр кызматына талапкерлиги жактырылды. Ушул эле күнү президенттин тиешелүү тескемеге кол коюп, Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри болуп бекитилди.
Буга удаа Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулганы айтылып, анын ордуна Акыл Токтобаев барды. Жогорку Кеңштин депутаттары Токтобаевдин талапкерлигин колдогон соң, президент тиешелүү тескемеге кол койду.
Жогорку Кеңеште мандатын тапшырган, жаңы мандат алган эл өкүлдөрү
Парламенттин 19-февралдагы отурумунда депутаттык мандан колуна тийген Таалайбек Сарыбашов ант берди. Ал Ош шаарынын мэри кызматына дайындалган Жанар Акаевдин ордуна келди.
Эл өкүлү Кундузбек Сулайманов өз каалоосу менен "Мекенчил" депутаттык тобунун лидерлигин тапшырып берип, жетекчиликти Талант Мамытов алды. "Ата-Журт" депутаттык тобу да лидерин алмаштырды. Тагыраагы, Нурланбек Азыгалиевдин ордуна Дастан Жумабеков болду. Ал эми Жанар Акаев жетектеп келген "Ала-Тоо" депутаттык тобунун лидери болуп Талайбек Масабиров шайланды.
Ал арада депутат Карим Ханджеза парламенттин төрагасынын орун басарлык кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын жарыялады. Буга улай Болот Ибрагимов "Мекенчил" депутаттык тобуна мүчө болуп кошулду. Артынан эле анын талапкерлиги вице-спикерликке сунушталып, 53 эл өкүлүнүн колдоосу менен шайланып калды.
Бул жыйында Элвира Сурабалдиева да кызматка барды. Депутат айым көп добуш менен парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды. Депутат Бактыяр Калпаев болсо, Масабировдун "Ала-Тоо" депутаттык тобуна лидер болгонуна байланыштуу парламенттин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарылыгына шайланды.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырганын билдирди. Көп узабай эле БШК аны мандатынан ажыратты. Эми Тургунбек уулунун ордуна ким келиши мүмкүн?
Ош шаарына жаңы мэр барды
18-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеткендиги белгилүү болду. Ош калаасын жетектөө милдети эми Жанарбек Акаевге жүктөлдү.
Буга удаа Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу жана үч орун басары: Мирлан Казыбай уулу, Сонунбек Жунусбаев, Нурлан Закиров кызматтарынан бошотулду.
Мэрдин тескемесине ылайык, Шумкарбек Пайзиев, Масуда Айдарбекова Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Мэрдин орун басары кызматынан алынган Мирлан Закиров Ош мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болду.
Мамлекеттик мекемелердеги кадрдык өзгөрүүлөр
16-февралда Болот Жусупбеков жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Айвар Монолдоров Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын директорлугунан алынып, Тимур Малбашев аталган кызматка барды.
Ал эми УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңы жетекчиси болуп Жоомарт Токтогулов барды. Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматта Салмоорбек Жумабеков иштеп келген.
Президент 18-февралда Чыңгыз Эшимбековду Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулу кылып дайындады. Буга чейин ал кызматты Болотбек Борбиев аркалаган. Ал 2025-жылдын октябрь айында кызматтан кеткен.
Тимур Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Акылбек Намазов дайындалды.
18-февралда Айбек Мамыралиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болду.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















