Климат жана коопсуздук маселелери ЕККУ жыйынында көтөрүлдү
Депутат Медина Кайрылбекова Вена шаарында өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясынын 25-кышкы жыйынына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында депутат Саясий маселелер жана коопсуздук боюнча, Экономикалык маселелер, илим, технологиялар жана айлана-чөйрө боюнча, ошондой эле Демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер боюнча туруктуу комитеттердин отурумдарына катышты.
Мындан тышкары эл өкүлү Албания, Андорра, Дания, Исландия, Латвия, Лихтенштейн, Монако, Португалия, Чехия жана Швеция өлкөлөрүнүн депутаттары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын негизги темасы Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү болду. Депутат Кыргызстандын талапкерлиги Борбордук Азия мамлекеттери тарабынан колдоого алынганын белгиледи.
Ошондой эле Медина Кайрылбекова ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Пере Хуан Понс Сампьетро менен жолугушуп, парламенттик дипломатиянын ролун чыңдоо жана парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда климаттын өзгөрүшү боюнча да пикир алмашуу болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















