Садыр Жапаровдун рейтинги 80 пайыздан ашты – изилдөө
Жакында жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, президент Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнө респонденттердин 81 пайызы оң баа берген. Ал эми 14 пайызы анын ишине терс пикир билдирген. Бул тууралуу Номад ТВ телеканалына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Жапаровдун президенттик мөөнөт ичиндеги колдоо көрсөткүчү 67 пайыздык пунктка өскөн.
Мунун фонунда башка саясий лидерлердин көрсөткүчтөрү төмөн экени айтылды. Тактап айтканда, мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 25 пайыз оң баага ээ болсо, 55 пайызы анын ишмердүүлүгүн терс баалаган. Анын популярдуулук рейтинги 30 пунктка төмөндөгөнү белгиленет.
Социологдор сурамжылоого өлкө боюнча 1200 жашы жеткен жаранды телефон жана онлайн форматта катыштырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2026-02-21
12:54
2026-02-21
12:49
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
nyrbekali87
21.02.2026. 09:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекетти өнүктүрүү - кызматта олтурган ууруларды жок кылуудан башталат. Бир эле ууру бүтүндөй бир улуттун ырыскысын жок кылат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















