super.kg logo
  Саясат  

УКМК эми кайсыл багыттарда иш алып барат? Президенттин жообу

 

Бүгүн, 21-февралда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип жатып, УКМКдагы реформа тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, эми атайын кызмат өзүнө тиешелүү гана иштерди алып барат.

"Алдыда күч түзүмдөрү боюнча чоң реформа турат. Мен бул реформаны мурда эле жасай баштайын деп пландагам. Бирок ар кандай себептер менен улам жылдырылып келген. Эми буюрса, жакында баштаймын. УКМК өзүнө тиешелүү иштер: чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизм, бандитизм, баңгизаттарына каршы күрөш жана башка иштер менен алек болот. Ушул тармактар боюнча тергөө укуктары өздөрүндө калат. Экономикага киришпейт. УКМК эмне менен алек болуп жүргөнүн, ким анын кызматкери экенин эч ким билбеши керек", - деди президент.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкө башчысы кийинки жылы жаңы Тергөө кызматы ачыларын айтып, анын милдеттери менен бөлүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: