super.kg logo
  Саясат  

СССРдин КГБсындай... Президент Ташиев атайын кызматта турганда эмне деп эскерткенин ачыктады

 

Өлкө башчысы Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүндө, айрыкча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети системасында олуттуу реформалар даярдалып жатканын билдирди.

Маекте атайын кызматтын коомдогу орду, аброю жана ыйгарым укуктары тууралуу маселелер көтөрүлдү. Президенттин айтымында, акыркы мезгилде УКМК кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу коомчулукта түрдүү сын-пикирлер айтылууда.

"Албетте, кабарым бар. Бул боюнча тээ мурдатан эле досума бир нече жолу эскертип келгем. “Досум, УКМКнын кадыр-баркын көтөр. Мурдагы СССРдин КГБсындай баркы болуш керек. Антпесең эл арасында “УКМКнын кызматкеримин” деп күбөлүгүн “камокторго” да көрсөткөн учурлар бар. Ушундай сын-пикирлерден арылалы” деп бир топ жолу айткам", - деди президент.

Жапаров УКМК бардык тармактарга кийлигишпеши керектигин да белгиледи. Айрыкча интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы күрөш боюнча жарыяланган видеодон кийин бул багыт ички иштер органдарынын иши экенин өлкө башчысы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге айтканын билдирди.

"Дал ушул “интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы күрөш” боюнча видео жарыялашкан күнү эле чакырып алып: “Досум, бул тармакты ИИМге бер, бул алардын иши. Сен УКМКнын деңгээлин түшүрбө” деп айттым эле", - деди Жапаров.

Ошондой эле президент айрым кызматкерлердин мыйзам бузууга жана кылмыш иштерине шектелип кармалып жатышы боюнча суроого жооп берди. Анын айтымында, учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат жана алар боюнча маалыматтарды ачыктоого эрте.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: