Бишкек жана Чүйдөгү катуу шамалдын кесепеттери боюнча ӨКМдин 11:55ке карата маалыматы (видео)
Бүгүн, 21-февралда Бишкекте жана Чүй облусунда болгон катуу шамалдын кесепеттери боюнча ӨКМдин басма сөз кызматы саат 11:55ке карата маалымат берди.Алдын ала маалымат боюнча, Ленин районунун Москва көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, жакын жайгашкан үйдүн чатырына кулап, кооптуулук жаралган. Ал эми Бакаев жана Интергельпо көчөлөрүндө үйлөрдүн чатырларын учуруп, бак кулаган. Бул боюнча ӨКМдин Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана Панфилов районунун Октябрь айылындагы орто мектептин учуруп кеткен чатыры боюнча тактоого райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.
Мындан тышкары Көк-Жар жаңы конушунда турак үйдүн чатырын учуруп, бак кулап электр зымына асылып калган жана көп кабаттуу үйдүн сырткы жасалгасы 2 унааны басып калган.
Ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жар-Башы айылында, Сокулук районунун Маловодное айылынын, Москва районунун Беловодск айылында шамал үйлөрдүн чатырын учуруп, бак кулаган. Ал эми Панфиловдун Күрпүлдөк айыл аймагында орто мектептин чатырын учуруп кеткен.
Эске салсак, Гидрометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы боюнча шашылыш билдирүү берилген.
Бишкек жана Чүйдөгү катуу шамалдын кесепеттери боюнча ӨКМдин 11:55ге карата маалыматы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2026-02-21
12:54
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















