super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Ысык-Көл дүйнөнүн борбору катары көрсөтүлгөн карта орнотулат

 

Бишкекте XI кылымда жашап өткөн улуу ойчул жана аалым Махмуд Кашгари түзгөн дүйнө картасынын көчүрмөсү орнотулат. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда президенттик администрация билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев аталган тарыхый картанын көчүрмөсүн борбор калаага орнотуу демилгесин көтөрүп, тиешелүү органдарга көрсөтмө берген.

Көрсөтмөгө ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги конкурс жарыялап, эң мыкты долбоорду тандап алат. Долбоордун алкагында карта заманбап талаптарга ылайык жасалып, коомчулукка жеткиликтүү жайга коюлат.

Тарыхый булактарга ылайык, Борбор Азиядагы ислам ренессансынын доорунда түзүлгөн бул картада дүйнөнүн борбору катары Ысык-Көл көрсөтүлгөн. Демилге Махмуд Кашгаринин 1000 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында ишке ашырылмакчы.

Президенттик администрация бул кадам улуттук тарыхый мурасты даңазалоого жана жаш муундардын тарыхка болгон кызыгуусун арттырууга багытталганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: