super.kg logo
  Саясат  

Өлкөнүн айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрү дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнө экспорттолот

 

Бүгүн, 21-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунун ишине катышты. Министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө айыл чарба тармагында жетишилген ийгиликтерге токтолуп, өткөн жылдын негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү 459,7 миллиард сомду түздү, өсүү темпи 102,2 пайыз. Кайра иштетүү өнөр жайында 104,7 миллирад сомдук продукция өндүрүлдү, өсүү темпи – 130,1 пайыз. Айыл чарба продукциясын экспорттоодо да оң көрсөткүчтөргө жетишилди: айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрү дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнө экспорттоло баштады. Өлкөнүн калкы азык-түлүктүн тогуз негизги социалдык маанилүү түрүнүн алтысы менен камсыздалган.

Касымалиев жакынкы жылдары үрөнчүлүктүн, асыл тукум мал чарбасынын жана питомниктердин материалдык базасын активдүү чыңдоо зарыл экенин кошумчалады. Бул багытта ишке ашырылып жаткан өнүктүрүү долбоорлору боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттарды толук өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

"Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25 пайызга, ал эми 2040-жылга чейин 50 пайызга жеткирүүнү пландаштырууда. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч болгону 7 пайызды түзөт. Бул максатка жетүү үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизүү зарыл, анын ичинен 75и 2026-жылы иштеп баштоосу керек, ошондой эле агрокластерлерди жана кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү зарыл", - деди ал.

Касымалиев өз сөзүндө Голландиянын тажрыйбасын мисалга келтирди, ал жерде жоогазындарды өстүрүү 1 миллиард евродон ашык киреше алып келет, ал эми Түркия кургатылган өрүктү жылына болжол менен 400 милион долларга экспорттойт. Ал Кыргызстан кургак өрүктү дүйнөлүк рынокко чыгара баштаганын белгилеп, кыргыз өрүктөрү бүткүл дүйнөгө таанылышы үчүн комплекстүү ишти улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул багыттагы биринчи кадам ички рынокто өз продукциясын сатууну кеңейтүү боюнча системалуу аракеттер болушу керек. Анын айтымында, ата мекендик продукциянын баасын жогорулатуу, аны жогорку деңгээлде илгерилетүүнү уюштуруу жана керектөө маданиятын калыптандыруу зарыл.

Форумдун алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: