super.kg logo
  Саясат  

Адылбек Касымалиев Жүрөк хирургиясы илим изилдөө институтундагы оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди

 

Бүгүн, 21-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун имаратынын капиталдык оңдоодон өтүшүн жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун имаратындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн текшерди.

Президенттик администрация билдиргендей, иш сапарынын жүрүшүндө төрага медициналык мекемелердин учурдагы абалы, курулуш иштеринин темпи, бейтаптар жана медициналык персонал үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Мындан тышкары, өлкөдө кардиохирургияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана пландары көрсөтүлдү.

Иш сапарынын жыйынтыгында Касымалиев мекемедеги оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүүнү тапшырды. Иш сапардын жүрүшүндө мекемелерди заманбап медициналык жабдуулар менен жабдуу, калкка кардиологиялык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, бейтаптардын медициналык мекемелерде болуу шарттарын жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында жооптуу органдарга оңдоо иштеринин жүрүшүн, мекемелерди медициналык жабдуулар менен жабдууну жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын мындан ары да көзөмөлдөө боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: